Кабыл алуу

zig zag

Дүйнөдөгү эң ири жана квалификациялуу билим берүү мекемелеринин бири болгон ‘’Түркия Маариф Фонду’’, Бишкек Маариф билим берүү комплексинде 2021-2022-окуу жылына карата 6 жаштан 17 жашка чейинки окуучуларды кабыл алып баштады

Мектеп тууралуу

  • Дүйнөдөгү эң ири жана квалификациялуу билим берүү мекемелеринин бири болгон ‘’Түркия Маариф Фонду’’, Бишкек Маариф билим берүү комплексинде 2021-2022-окуу жылына карата 6 жаштан 17 жашка чейинки окуучуларды кабыл алып баштады.
  • Учурда эл аралык Маариф мектептери 44 мамлекетте 40 минден ашуун окуучуга билим   берүүдө. Бул мекемеде жергиликтүү жана чет өлкөлүк окуучулар мектепке чейинки даярдыктан баштап, университетке чейинки программаларда билим алып келишет. Окууга ар кандай тесттер жана маектешүүлөр негизинде кабыл алуу жүргүзүлөт.

Кабыл алуу тартиби

Улуттук жана эл аралык болгон эки башка окуу планы боюнча билим берген мектебибизге окуучулар кылдаттык менен тандалып, келечектеги карьераларына даярданышат.

Биздин мектепке жазылууну каалаган окуучуларыбыз аткара турган кадамдар төмөндө келтирилген.

  • Үй-бүлө менен алдын ала маектешүүгө жазылуу
  • Окуучулардын деңгээлин аныктоо
  • Кеңешчилер же (психологдор) менен маектешүүлөрдү жүргүзүү
  • Тесттин жана маектешүүнүн натыйжаларын аныктоо
  • Каттоо үчүн керектүү документтерди даярдоо
  • Келишим түзүп, керектүү төлөмдөрдү төлөө
  • Төлөмдү көрсөткөн документти мектепке тапшыруу.

Эл аралык Кембридж программасынын IGSCE деңгээлинин талапкерлери адис менен маектешүүдөн өтүп, төмөнкү сабактар ​​боюнча тиешелүү баллдарды топтошу керек:

  • Англис тили
  • Математика
  • Табигый Илимдер

Керектүү документтер жана формалар

  • Мурунку мектебинен жыйынтык бааларын табели
  • Мед. справка форма 026
  • Мед.справка форма 063
  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүк же паспорт
  • Ата-энесинин паспортунун көчүрмөсү
  • Жашаган жеринен маалымкат
  • Түстүү сүрөт 3*4 (3 д)