“Маариф” билим берүү комплекси

zig zag

Маариф билим берүү комплекси окуучулардын жашоосун жакшыртууга мүмкүнчүлүк берген критикалык ой жүгүртүү, чыгармачылык жана табигый кызыгуу жөндөмдөрүн камсыз кылат.

Киришүү

Ар бир окуучу үчүн мыкты билим берүү чөйрөсү түзүлүп берилгенде, баарын жасай алат.
Билимди жайылтуу максатында, эмоционалдык интеллекти өрчүлгөн жана коомго пайдалуу окуучуларды өстүрүү үчүн (ТМФ) “Маариф” билим берүү комплекси сапаттуу билим алууну сунуш кылат..

Миссия жана көз карашыбыз

Коомдук деңгээлден адамзаттын жамааттык аң-сезимине чейин, адамзаттын бейпилдиги жана бакубаттуулугу үчүн интеграцияланган билимдин баалуулугу аркылуу билимди өткөрүп берүү.

Негизги максаттары

Билим берүү системасын өнүктүрүү негизинде билим берүүдө оптималдаштырылган моделдерди колдонуп глобалдык түрдө колдонулуучуга ылайыкташтырылган системаны орнотуу жана бул алкакта кызматташуу.

Окутуунун интеграцияланган системаларынын жардамы менен арзан жана сапаттуу билим берүүгө жеткиликтүүлүктү камсыздоо.

Маданий жана адамдык баалуулуктар сиңирилген, билимге, сынчыл жана талдоочулукка жөндөмдүү, жоопкерчиликтүү, физикалык, руханий жана оор басырыктуу өспүрүмдөрдү тарбиялоо.

Жергиликтүү баалуулуктарды жана маданияттарды сактоого өзгөчө көңүл буруп, эл аралык стандарттарга ылайык окуу программаларын жана окутуу алкактарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.

Биз жетишкендиктерге, тайманбастыккак жана жакшылык жасоо каалоосуна таянган негиздер менен өзүн-өзү камсыз кылуучу институттарды колдойбуз жана өнүктүрөбүз.

Келечек муундар үчүн тынчтык жана жашоого ыңгайлуу дүйнөгө алып келген коомдук жана илимий жактан жергиликтүү жана адеп-ахлактык негиздерге байланган, пайдалуу жана сезимтал адамдардын тизмегин арттыруу.

Транспорт

Автобустардын жадыбалын жана маршруттук линиясын көчүрүп алсаңыз болот.

‌Аш тизмек

Жалпысынан үч имараттан турган кампусубузда ар бир имаратта эл аралык стандарттарга ылайык толук жабдылган ашканалар бар. Биздин окуучулар үч түр менен тейленип, менюлар веб-сайтта ай сайын жарыяланат. Окуучуларыбыздын ден-соолугунун абалын, акыл-эс жана психикалык өнүгүүсүн эске алуу менен ай сайын меню даярдалып, көзөмөлгө алынат.  Тамак – аш гигиенасы жана дезинфекциялоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.

Келечек долбоорлор

Окуучулардын, окутуучулардын жана ата-энелердин потенциалын жогорулатуу боюнча семинарлар, тренингдер, жана жолугушуулар, үй-бүлө менен окуучуну арасында биргелешип билим берүү чөйрөсүн түзүү үчүн сабактар Түркиядан келген адистерибиз тарабынан өткөрүлөт.

Ата-энелер билим берүү долбоорлору алкагында кол кабыш кылышат. Бул ата-энелер үчүн баланын академиялык жана адеп-ахлактык профилин көзөмөлдөө, ошондой эле мекеменин өзүн баалоо анализин жүргүзүү үчүн түздөн-түз жана интеграцияланган аянтчаны түзүп берет.

Биздин басмаканалар окуучулардын талантын жана мүмкүнчүлүктөрүн таанып, каттоосу үчүн сонун аянтча болуп берет. Окуучулар жана чыгармачыл идеялар (сүрөт, поэзия жана макала / эссе жазмалары) ай сайын жаңылыктар түрмөгүндө жарыяланып турат.

Тил – бул коомдун окшоштугуна байланыштуу каада-салттарды жана баалуулуктарды өткөзүп берүү үчүн колдонулган маданияттын көрүнүшү. Эки тараптуу достук мамилелер үчүн биз жакынкы аралыкта жергиликтүү (кыргыз, орус) жана чет тилдерин (түрк, англис, ж.б. тилдерди талапка жараша) сунуштайбыз.

Биздин бүтүрүүчүлөргө кесиптерине байланыштуу консультация жана жумушка орноштуруу порталдары аркылуу карьерасынын мыкты варианттарын табууга жардам берилет.

Кыргызстандын интеграцияланган маданий баалуулуктарына шайкеш келген улуттук жана эл аралык стандарттарга ылайык окуу программаларын иштеп изилдөө жана иштеп чыгуу топторунун түзүү.

Таланттуу изилдөөчүлөрдүн “Билим идеясы-Maarif” конкурстары окуучулардын чыгармачыл, аналитикалык жана сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү аркылуу чечим же суроону иштеп чыгуу үчүн маанилүү иш-чараны түзөт.