Саясат

Окуучулардын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн биз мыкты программаларды колдонобуз. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген саясатыбызга жана Жол-жоболорубузга ылайык мекемебиз иштейт.

Дүйнөдөгү эң ири жана квалификациялуу билим берүү мекемелеринин бири болгон ‘’Түркия Маариф Фонду’’, Бишкек Маариф билим берүу комплексинде 2021-2022-окуу жылына карата 6 жаштан 17 жашка чейинки окуучуларды кабыл алып баштады.

Учурда эл аралык Маариф мектептери 44 мамлекетте 40 минден ашуун окуучуга билим   берүүдө. Бул мекемеде жергиликтүү жана чет өлкөлүк окуучулар, мектепке чейинки даярдыктан баштап, университетке чейинки программаларда билим алып келишет. Окууга ар кандай тесттер жана маектешүүлөр негизинде кабыл алуулар жүргүзүлөт.

Маариф Билим Берүү Комплексинин окуу программасы боюнча “тил” билим алуунун өзөгү болуп саналат. Тил аркылуу адам өзүнүн инсандыгын калыптандырып, айлана-чөйрөсүн изилдеп, өзүн көрсөтө алат жана башкалар менен баарлашат. Бардык окуучулар окутуунун негизги тилдери болгон кыргыз, орус, англис тилдеринде байытылган тил программасынан өтүшөт, түрк тили болсо кошумча тил катары окутулат.

Маариф Билим Берүү Комплекси окуучуларды жана кызматкерлерди ар кандай коркунучтардан, кооптуу же зыяндуу жагдайлардан сактоо үчүн бардык чараларды көрүүгө милдеттенет. Кызматкерлер жана окуучулар күтүүсүз кырдаалдардын пландары жана жол-жоболору менен таанышыш керек. Окуучулардын коопсуздугу – Маариф Билим Берүү Комплексинин алдыңкы максаттарынын бири. Ошондуктан мектептин аймагында окуучуларды кароосуз калтырбайбыз, аларды нөөмөттө турган кызматкерлер ар дайым көзөмөлдөп турушат.

Түрк Маариф Фондунун бардык долбоорлору окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер үчүн туруктуу жана боорукер билим берүү чөйрөсүн түзүүгө багытталган. Балдардын укугун коргоого багытталган балдарды коргоо саясатыбыз кайрымдуу муундарды тарбиялоого болгон көз карашыбыздын негизинде Кыргызстандын мыйзамдык ченемдерин эске алуу менен иштелип чыккан. Саясат негизги алты принципке таянат:

  1. Адамдын негизги укуктарын камсыз кылуу
  2. Ар түрдүүлүктү камсыз кылуу
  3. Инклюзивдүүлүктү сактоо
  4. Өзүн-өзү танууга үйрөтүү
  5. Коопсуз чөйрөнү жана акыл-эс мейкиндигин түзүү
  6. Байланыштын ачык каналдары

Балага олуттуу зыян келтирген же келтириши мүмкүн болгон бардык кыймыл-аракеттер катаал мамиле деп эсептелинет. Ушундан улам, бала же анын айлана-чөйрөсү менен түздөн-түз байланышта болгон бардык кызматкерлер жана жамаат мүчөлөрү баланын физикалык, психологиялык жана когнитивдик коопсуздугун жана жыргалчылыгын камсыз кылууга жооптуу. “Маариф” билим берүү комплекси БУУнун Балдардын укуктары жөнүндө конвенциясын жана Кыргызстандын Конституциясы тарабынан өз элине кепилденген конституциялык укуктарды колдойт.

Жүрүм-турум – окуучунун академиялык жана социалдык өнүгүүсүн чагылдырат. Окуучуларыбыздын жүрүм-туруму коомубуздун маданиятын, каада-салтын жана ишенимдерин чагылдырып, жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүүгө көмөктөш болот деген ишеничтебиз. “Маариф” билим берүү комплексинин администрациясы жана кызматкерлери окуучулардын жүрүм-турумунун жагымдуу моделдерин стимулдаштыруу жана бекемдөөгө маани берип, терс жүрүм-турум көрүнүштөрүнө тоскоол болууга аракет кылып, бул максатка жетүү үчүн ата-энелердин колдоосуна жана кызматташтыгына таянуу керек деп эсептейт.

Тартиптин эң мыкты түрү – бул таңууланбастан, ичтен келип чыккан өзүн-өзү тарбиялоо деп эсептейбиз. Биздин ишеничибизге ылайык тартип жазалоо менен эмес, профилактика болгондо мыкты болот. Балдар менен иштөөдө кызматкерлер өнүгүүнү, жакшы мамилелерди жана башкаларды урматтоону өрчүткөн ыкмаларды колдонушат.