Жергиликтүү окуу планы
Биздин мектепте жергиликтүү окуу программасы боюнча билим берүү эки тилде, негизинен орус жана кыргыз тилдериндеболуп, эл аралык Маариф мектептеринин сапаты жана тажрыйбасы менен жүргүзүлөт. Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин көрсөтмөлөрүнүн жана ошол алкакта байытылган мазмунду камтыган биздин билим берүү тутумубуз студенттердин инсандыгын, мүнөзүн жана темпераментин эске алуу менен окуучуларга багытталган түрдө ишке ашырылат.0-класстан 11-класска чейин бардык деңгээлде билим берген биздин мектепте англис жана түрк тилдери интенсивдүү окутулуп, дүйнөлүк атуулдукту максаттайт.
Класстагы жана класстан тышкаркы иш-чараларды камтыган биздин билим берүү программабыз, студенттердин келечектеги карьералык пландарына колдоо көрсөткөн башка программаларды ишке ашырат. Жергиликтүү жана чет элдик университеттерде окууну каалаган студенттерге “маарифтен болуунун артыкчылыгы” берилет, алардын кесиптик өсүшүнө максималдуу салым кошушат.
Багыт |
|
---|---|
Тилдер | Кыргыз тили Орус тили Турк тили Англис тили |
Социалдык | Тарых Адам жана коом Этика |
Математикалык | Математика |
Табигый-так | Табият таануу Физика Астрономия Биология Химия География |
Технологиялык | Технология Информатика |
Искусство | Кыргыз адабияты Орус адабияты Музыка |
Дене тарбия | Коопсуздуктун жана жашоонун негиздери Дене тарбия Жаштарды аскерге чакыруу алдындагы окутуу |