«Маарифтин» башчысы КТМУ ректору менен жолукту

2021-жылдын 11-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетине Түркиянын “Маариф” фондунун башчысы Бирол Акгүн келип, окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушту.

Жолугушууда университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Маариф мектептери Кыргызстанда билим бере баштаганына кубанычта экенин жана бала бакчадан баштап орто мектепке чейин эл аралык сапаттуу билим алган жогорку окуу жайлардын студенттерине талапкерлер болорун айтты. Ошондой эле ректор бирге иштешүүгѳ жана колдоо кѳрсѳтүүгѳ даяр экенин билдирди.

Ал эми фонддун башчысы Бирол Акгүн 2021-2022-окуу жылына карата Бишкекте «Маариф» фондунун жалпы билим берүүчү мектептеринин ачылышы жана жаңы окуу жылына карата бардык даярдык иштери жүрүп жатканы тууралуу маалымат берди. Жолугушуудан кийин Бирол Акгүн мырза “Медиа Манастын” түз эфиринин коногу болду.

Leave a Reply

Your email address will not be published.