Кыргызстан элчиси “Маариф” фонду жетекчиси менен жолукту

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Маариф фондунун башчысы Бирол Акгюн менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Түркиянын Маариф Фондунун ортосунда Кыргызстанда жеке менчик билим берүү мекемелерин ачуу жана иштетүү жөнүндө Макулдашуунун аткарылышын талкуулашты.

Мындан тышкары, Б.Акгюн макулдашууну ишке ашыруу үчүн Маариф фондунун Кыргызстанда кеңсе ачканын, келерки жылы Бишкек шаарында билим берүүнүн бардык баскычтарын камтыган мектеп ачуу пландаштырылып жаткандыгын белгиледи.

Leave a Reply

Your email address will not be published.