Киришүү

Ар бир окуучу, мыкты билим берүү чөйрө өзүнө түзүп берилгенде, бардыгын жасай алат; билим берүү аркылуу билимди жайылтуу максатын көздөп, эмоционалдык интеллекти өрчүлгөн жана коомго жакшы ниети болгон окуучуларды өстүрүү үчүн Түркиянын Маариф Фонду (TMF) “Маариф” билим берүү комплексинде сапаттуу билим алууну сунуш кылат.

Маданий эстетиканы, социалдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарды, өзүн жана коом алдындагы жоопкерчиликти сезүүнү академиялык жана кесиптик чеберчиликтин ажырагыс бөлүгү деп эсептейбиз. Бул колдонмонун максаты сизге, үй-бүлө – окуучу – мектепти биргелешип изденүүнүн негизинде, балаңыз үчүн билим берүү чөйрөсүн тандоого, анын адеп-ахлактык, этикалык, окуучулук жана кесиптик ийгиликтерин камсыз кылууга түрткү берүү.

Маариф билим берүү комплекси сынчыл ой жүгүртүү жөндөмдү, чыгармачылык жана табигый кызыгууну камсыз кылуу аркылуу окуучунун жашоосун жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле мектеп ата-энелер үчүн окуу программасы боюнча маалымат берүү үчүн атайын маалымат чогулуштарын уюштурат, ошондой эле ата-энелер чогулушунда ат-энелер баласынын жетишкендиктерин мугалим менен талкуулай алышат.